Улуттук онкология борборунун бүтпөй калган курулушу 40 млн сомго бүткөрүлөт

Улуттук онкология борборунун бүтпөй калган курулушу 40 млн сомго бүткөрүлөт

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборун бүткөрүүгө тендер жарыялады. Тендердик арыз 22-февралда мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.

Тендер боюнча 40 млн 150 миң сомго этаждарды реконструкциялоо жана бүтүрүү пландалган. Белгилей кетсек, буга чейин бүтпөй калган Улуттук онкология борбору КММАга өткөрүлүп берилген болчу.

КММАнын ректору Индира Кудайбергенованын айтымында, курулуш аяктагандан кийин имаратта университеттин академиялык клиникасы жайгашат. Эки кабат гематологияга арналат. Оорукана болжолдуу түрдө 300 орунга ылайыкташкан.

Эске салсак, Улуттук онкология борборунун курулушу Бишкекте 2017-жылдын күзүндө башталган. Долбоор жети кабатты камтыган, бирок каражат нөл циклден төртүнчү кабатка чейин иштөөгө гана жетет. Борборду куруунун бекитилген планы болгон эмес. Эми КММА имарат баштапкы долбоор боюнча бүткөрүлөт деп ишендирүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук онкология борборунун бүтпөй калган курулушу 40 млн сомго бүткөрүлөт 24 февраля 2023 г.    9:15
Бийлик органдарынын бухгалтердик эсептерин жарандарга ачык көрсөткөн маалыматтык система ишке кирди 22 февраля 2023 г.    17:45
Жогорку Кеңеш 20 млн сомго мамлекеттик сатып алууларды жарыялады 22 февраля 2023 г.    16:51
Кыргызстандын тышкы карызын жабууга ачылган депозиттик эсепке 31.5 млн сом түштү 22 февраля 2023 г.    15:24
Мамлекеттик мекемелер бир жылда 62 млрд сомго товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышты 22 февраля 2023 г.    14:55
Өткөн жылы кыргызстандыктар 204 млрд сомдук кредит алышты — беш жылда 60%га өстү 22 февраля 2023 г.    14:27
Кыргызстан Россиядагы онлайн-дүкөндөргө товар жөнөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди 22 февраля 2023 г.    11:52
Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт 22 февраля 2023 г.    11:18
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери