Таласта таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Таласта таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Талас облусунда таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Ишкана таштандыдан жасалган продукцияларды мэрияга жеткирип берген. Бул тууралуу 24-февралда «Альянс Алтын» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Таласта өткөн жайда таштандыларды кайра иштетүүчү «Эко Монтис» ишканасынын курулушу башталган. «Альянс Алтын» компаниясы каржылык колдоо катары үстөксүз негизде 6 млн сом бөлгөн.

Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдун айтымында, «Таза суу» муниципалдык ишканасына кайра иштетилген таштандыдан жасалган 50 желим капкак, 400 чөйчөк, 300 кийим илгич берилди.

Шаар башчысы «Альянс Алтын» ишканасына кант, кыш заводдору жана тигүү цехтерине каржылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күндө ишканалар жергиликтүү социалдык мекемелерге жардам көрсөтүп, ийгиликтүү иштеп жатат.

Таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана өзү Таластын сыртында, Калбин айыл аймагынын аймагында жайгашкан. Ишкана айына 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштете алат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Таласта таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди 24 февраля 2023 г.    11:33
ОКӨФ эки долбоорго — Куланак ГЭСин жана Чүйдө цемент заводун курууга 89 млн доллар бөлөт 24 февраля 2023 г.    10:53
Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду 24 февраля 2023 г.    10:10
Кооперативдердин Кыргызстанга дал келе турган формасын таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгыш керек — Айнура Иманбекова 24 февраля 2023 г.    10:01
Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган — Урмат Акулуев 24 февраля 2023 г.    9:43
Улуттук онкология борборунун бүтпөй калган курулушу 40 млн сомго бүткөрүлөт 24 февраля 2023 г.    9:15
Бийлик органдарынын бухгалтердик эсептерин жарандарга ачык көрсөткөн маалыматтык система ишке кирди 22 февраля 2023 г.    17:45
Жогорку Кеңеш 20 млн сомго мамлекеттик сатып алууларды жарыялады 22 февраля 2023 г.    16:51
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери