Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган — Урмат Акулуев

Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган — Урмат Акулуев

Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо жана күрөө боюнча Башкармалыгынын жетекчиси Урмат Акулуев Economist.kg басылмасы уюштурган «Кооперативдер — турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» деген темадагы тегерек столдо азыркы мезгилде жалпысынан 4000ден ашуун кооперативдер бар экенин билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган. 

«Коммерциялык эмес кооперативдерде көйгөйлөр бар. Бул жерден жабыр тарткандар бизге келип: » Силер лицензия бериптирсиңер», — деген дооматтарды коюшат. Бирок биз, Юстиция министрлиги, мыйзам боюнча иш алып барабыз. Каттоочу орган катары тиешелүү документтерди алып келишсе, юридикалык жактан туура болсо, каттап гана беребиз. Мыйзамда кандай талаптар каралса, уставда да ошондой көрсөтүлүшү керек.

Ал эми турак жай кооперативдерин көзөмөлдөө, текшерүү биздин компетенцияга кирбейт. Ар бир жаран өзү документ иштерине кол коё турган учурда кылдаттык менен таанышып чыгуусу зарыл. Ал эми ар кандай түшүнүксүз суроолор болгондо, Юстиция министрлигинин алдында суроолорго жооп берүүчү кишилерге, аймактык башкаруу кызматкерлерине акысыз кайрылсаңыздар болот», — деди ал.

Ошондой эле ал ушулардын баарын эске алып, жарандардын жагымсыз жагдайга туш келип калбашы үчүн кооперативдер боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүүнүн үстүндө иштеп жатышкандарын, акча которуудагы ачык-айкындуулук болуш керектигин кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бүгүнкү күндө 221 кооператив катталган — Урмат Акулуев 24 февраля 2023 г.    9:43
Улуттук онкология борборунун бүтпөй калган курулушу 40 млн сомго бүткөрүлөт 24 февраля 2023 г.    9:15
Бийлик органдарынын бухгалтердик эсептерин жарандарга ачык көрсөткөн маалыматтык система ишке кирди 22 февраля 2023 г.    17:45
Жогорку Кеңеш 20 млн сомго мамлекеттик сатып алууларды жарыялады 22 февраля 2023 г.    16:51
Кыргызстандын тышкы карызын жабууга ачылган депозиттик эсепке 31.5 млн сом түштү 22 февраля 2023 г.    15:24
Мамлекеттик мекемелер бир жылда 62 млрд сомго товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышты 22 февраля 2023 г.    14:55
Өткөн жылы кыргызстандыктар 204 млрд сомдук кредит алышты — беш жылда 60%га өстү 22 февраля 2023 г.    14:27
Кыргызстан Россиядагы онлайн-дүкөндөргө товар жөнөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди 22 февраля 2023 г.    11:52
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери