Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыргандар эми акы төлөшөт

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыргандар эми акы төлөшөт

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырчулар эми акы төлөй баштайт. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик ишканасы «Т-Медиага» билдирди.

Аталган полрталдын берген маалыматына ылайык, жаңы тариф боюнча айдоочулук күбөлүккө сынак тапшыргандар теориялык экзаменге — 148 сом, ал эми практикалык экзаменге — 152 сом төлөйт.

Эскерте кетсек, буга чейин экзамендер акысыз тапшырылып келген. Ал эми айдоочулук күбөлүгүн каттоо жана берүү кызматына 256 сом төлөнөт.

Айдоочулук күбөлүк алам дегендер алгач автомектептерде окуп, андан кийин «Унаа» мекемесинде экзаменден өтөт. Алгач теориялык, андан соң практикалык экзамен (вождения) тапшырат. Теориялык сынакта 20 суроо берилет. Анын 18ден ашык суроосуна жооп бергендер сынактан өткөн болот. Ал эми практикалык сынакта жаран унааны кантип айдай турганы текшерилип, сегиз баскыч менен бааланат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыргандар эми акы төлөшөт 24 февраля 2023 г.    16:40
Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого тыюуну алып салууну сунуштады 24 февраля 2023 г.    15:45
Каныбек Иманалиев Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды 24 февраля 2023 г.    15:32
ЕАЭБде азык-түлүктүн баасы эң көп Кыргызстан менен Казакстанда кымбаттады 24 февраля 2023 г.    13:02
Таласта таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди 24 февраля 2023 г.    11:33
ОКӨФ эки долбоорго — Куланак ГЭСин жана Чүйдө цемент заводун курууга 89 млн доллар бөлөт 24 февраля 2023 г.    10:53
Кыргызстандын өнөр жайы өткөн жылы 11.4%га өстү – ЕАЭБдеги эң мыкты көрсөткүч болду 24 февраля 2023 г.    10:10
Кооперативдердин Кыргызстанга дал келе турган формасын таап, ошого ылайык мыйзам иштеп чыгыш керек — Айнура Иманбекова 24 февраля 2023 г.    10:01
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери