Турак жай-курулуш кооперативдеринин мучөлөру келишимге кол коюуда анын шарттарын окушпайт. Бул тууралуу, Economist уюштурган «Кооперативдер — турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» деп аталган темада тегерек столунда Минюсттун өкүлү Урмат Акулуев билдирди.
Анын айтымында, акыркы убакта турак жай-курулуш кооперативдеринин ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандардын кайрылуулары көп катталууда.
«Сүйлөшүп жаткан учурунда жабыркаган жарандардан сурайбыз, алар келишимге кол коердо аны окуду беле деп? Көпчүлүк эч нерсени карабай эле, жөн эле кол койгонун айтып жатышат», — деди Акулуев.
Мындан тышкары, ал Юстиция министрлигинин компетенциясына турак жай-курулуш кооперативдеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө функциялары кирбей турганын эске салды. Министрлик тиешелүү гана документтерди текшергенден кийин каттоо иштерин жүргүзөт.