Кыргызстанда кооперативдердин табиятын түшүнүшпөгөндүктөн, алардын ишинде кыйынчылыктар бар. Бул тууралуу Economist уюштурган «Кооперативдер — турак жай маселесин чечүүнүн жолубу же көйгөйбү» деп аталган темада тегерек столунда Кооперативдер бирикмесинин төрагасы Айнура Иманбекова билдирди.
Ал эске салгандай, дүйнөдө кооперативдер 5-6 принцип менен иштешет, анын ичинде ачыктык стандарттары бар. Алар кабыл алынгандан кийин гана турак-жай курулуш кооперативдеринин маселелерин чечуугө болот.
«Турак жай кооперативдери социалдык маселелерди көтөрүп жатышат. Юстиция министрлиги азырынча кооперативдерди классификациялай элек. Бул уюмдардын ишин кыйындатат», — деди Иманбекова.
Анын айтымында, мамлекет кооперативдерди коммерциялык жана коммерциялык эмес деп гана бөлөт, бирок эки топтун ичинде көптөгөн категориялар бар. Керектүү классификация кабыл алынгандан кийин кооперативдердин ишинин так статистикасын жүргүзүүгө жана алардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого болот.