Мамлекет бул жылы Жол фондунан 3 млрд сомдон ашык каражат түшөт деп күтүүдө

Мамлекет бул жылы Жол фондунан 3 млрд сомдон ашык каражат түшөт деп күтүүдө

2023-жылы Жол фондунун каражаттарынын түшүүсү болжол менен 3.1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги Транспорт жана коммуникациялар министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Ошондой эле министрлик Жол фондуна учурдагы бюджеттин ичинен 2 млрд сом суммасында чегерүү каралганын белгиледи.

Эскерте кетсек, жол тармагын өнүктүрүүгө жумшалуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүү максатында 2022-жылдын 30-майында КР «Жол фонду жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынып, Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Мыйзамда Жол фондун түзүүнүн булактары  жана колдонулушу аныкталган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери