Жарым млн калкы бар Ошто таза суу берүү дагы токтоду

Жарым млн калкы бар Ошто таза суу берүү дагы токтоду

Жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына байланыштуу Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы эртең менен саат 07:00дө сел түшкөн Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

«Ошто таза суу берилгенге чейин жарандарга ичүүчү сууну жеткирип беришет «Ошшаарсууканал» суу менен камсыз кылуу үчүн арыздарды кабыл алат», — дейт мэрия.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.


Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу — нонсенс

Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок — биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды

Ош шаарына таза суу берүү токтотулат

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери