АӨБ Алматы — Бишкек каттамына электробустарды жүргүзүү долбоорун сунуштады

АӨБ Алматы — Бишкек каттамына электробустарды жүргүзүү долбоорун сунуштады

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Алматы менен Бишкектин ортосунда электроавтобустар жүргөн каттамды ачууну пландоодо. Бул долбоордун бет ачары 16-февралда Алматы — Бишкек экономикалык коридору боюнча эксперттик топтун жыйынында сунушталганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сунуш транспорт инфраструктурасы, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы Алматы — Бишкек экономикалык коридору долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.

Азия өнүктүрүү банкы ошондой эле чек ара кызматтарын жакшыртуу, альтернативдик Алматы — Бишкек жолун куруу боюнча долбоорлорду сунуштады.

Жыйында Бишкек жана Алматы шаарларындагы абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, табигый кырсыктарды алдын алуу, саламаттыкты сактоо, атап айтканда, аймактык маалымдама борборун түзүү жана башкалар боюнча кыргыз жана казак тараптын баяндамалары угулду.


Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери