Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21.2 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кореянын КРдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чже менен жолукканда маалым болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар өзгөчө, 2023-жылга карата Корея тарабынан каралып жаткан долбоордук өтүнмөлөр боюнча сүйлөшүү жүргүздү. 

  • Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун колдоосу менен «Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга туруктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү» (бюджети 9 млн доллар).
  • Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Корея агенттиги тарабынан «Инфекциялык ооруларды изилдөө институтун түзүү» (бюджети 8 млн доллар).
  • Кореянын Транспорт министрлиги тарабынан «Кыргызстандын геомейкиндик маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн жана жерди башкарууну жакшыртуу үчүн геомейкиндиктик маалыматтык кызматташуу борборун түзүү” (бюджети 4.2 млн доллар).

Элчи Ли Вон Чже корей тарап кыргыз-корея кызматташтыгын андан ары илгерилетүүнү улантаарын айтты. 

«Бул жааттагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо максатында Корея тарапты долбоорлорду мындан дагы натыйжалуу ишке ашыруу жана Сэмаыль Ундонгдун тажрыйбасын Кыргызстандын бардык аймагына жайылтуу үчүн Бишкекте «Сэмаыль Ундонг» борборунун кеңсесин ачуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырам», — деди минкабдын төрагасынын орун басары.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн 16 февраля 2023 г.    11:21
Кыргызстанда доллардын базар баасы көтөрүлө баштады 16 февраля 2023 г.    10:28
Улуттук банк валюта рыногуна апта ичинде экинчи жолу интервенция менен чыкты — 35 млн доллар сатты 16 февраля 2023 г.    9:55
USAID Кыргызстандагы ишкер айымдарды колдоого кошумча 2 млн доллар берет 16 февраля 2023 г.    9:41
КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз — минкаб 16 февраля 2023 г.    9:31
Made in KYRGYZSTAN: Кыргызстандын лифттери Россияга экспортко даярдалууда 15 февраля 2023 г.    18:55
«Кудай өзүң сакта» деп жашагандан башка аргабыз жок — Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөр тууралуу 15 февраля 2023 г.    17:14
USAID Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 4 млн доллар бөлүүнү пландоодо 15 февраля 2023 г.    16:56
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери