КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз — минкаб

КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз — минкаб

«Өкмөттүк Акселераторлор» эксперттик тобунун алкагында, Кыргызстанда Эгемендүү фондун түзүү маселеси боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүнү эмират тараптан суранабыз. Мындай суранычы менен минкабдын төрагасы Дубай шаарына болгон иш сапарынын алкагында БАЭнин Келечек министри жана Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитин (WGS) уюштуруу төрагасы Мухаммад бин Абдулла Аль Гергавиге кайрылды.

Жапаров, КР БАЭ менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана андан ары чыңдоого терең кызыктар экенин белгиледи.

«Учурда дүйнөнүн алдыңкы оюнчулары болуп саналган суверендүү байлык фонддорун түзүүдө Араб Эмираттарынын ийгиликтүү жана ошол эле учурда уникалдуу тажрыйбасы белгилүү. Биз бул багытта Эмираттын тажрыйбасына абдан кызыктарбыз, ушуга байланыштуу, «Өкмөттүк Акселераторлор» эксперттик тобунун алкагында, КРда Эгемендүү фондун түзүү маселеси боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүнү эмират тараптан суранабыз», — деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2016-жылы БАЭ Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан «Мамлекеттик акселераторлорду» КРда ишке киргизүү боюнча кыргыз тарап тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча презентация болду.

Мухаммад бин Абдулла Аль Гергави КР менен «Мамлекеттик акселераторлорду» методологиясын ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу БАЭ Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жакын арада Эмираттын Өкмөттүк акселераторлор командасынын КРга иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз — минкаб 16 февраля 2023 г.    9:31
Made in KYRGYZSTAN: Кыргызстандын лифттери Россияга экспортко даярдалууда 15 февраля 2023 г.    18:55
«Кудай өзүң сакта» деп жашагандан башка аргабыз жок — Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөр тууралуу 15 февраля 2023 г.    17:14
USAID Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 4 млн доллар бөлүүнү пландоодо 15 февраля 2023 г.    16:56
Кыргызстан жумушсуздук боюнча ЕАЭБде экинчи орунда турат 15 февраля 2023 г.    15:32
Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертүүсүз текшерүү жүргүзгөн «сырдуу кардар» долбоорун ишке киргизди 15 февраля 2023 г.    15:17
«БАЙ ЭЛИМ КОМПАНИ» венгриялык компаниядан жабдууларды алууга 3 млн евролук долбоорго келишим түздү 15 февраля 2023 г.    13:49
Өткөн жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 33.6 млрд сом бөлүнгөн 15 февраля 2023 г.    12:43
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери