Ишкерлер 18 банктан «Кепилдик фондунун» колдоосу менен насыя алса болот

Ишкерлер 18 банктан  «Кепилдик фондунун» колдоосу менен насыя алса болот

Өлкөнүн кичи жана орто бизнесин каржылаган «Кепилдик фонду» ААКнын өнөктөштөрүнүн саны өткөн жылы жыйырма үчкө өстү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

18 банктан, үч микрофинансылык мекемеден жана эки өнүктүрүү фондундан бизнесмендер «Кепилдик фонд» ААКнын колдоосу менен насыя ала алышат.

2022-жылы «Кепилдик фонд» ААК «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонд» ААК, «ФинансКредитБанк» ААК, «Элет-Капитал» ЖАК МК жана «АБН» МФК ААК менен чакан жана орто бизнеске кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Кепилдик менен бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер республиканын бардык аймактарында берилет. Өлкөнүн алты облусунда «Кепилдик фонду» ААКтын филиалдары, өнөктөш банктарда 300гө жакын филиалдар бар.

2022-жылдын 31-декабрына карата «Кепилдик фонд» ААКнын ишинин бүткүл мезгилине өнөктөш банктар тарабынан кепилдикке берилген кредиттердин көлөмү 18 млрд сомдон ашыкты түздү.

Эске сала кетсек, «Кепилдик фонд» ААКнын өнөктөш банктары болуп төмөнкүлөр саналат:

• «Айыл Банк» ААК

• «Бай-Түшүм» ААК

• «Бакай Банк» ААК

• «Азия Банкы» ЖАК

• «Банк Компаньон» ЖАК

• «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ААКсы

• «Капитал Банк» ААК

• «Керемет Банк» ААК

• «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК

• «KICB» ЖАК

• «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК

• «Оптима Банк» ААК

• «РСК Банк» ААК

• «ФИНКА Банк» ЖАК

• «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы

• «Дос-Кредобанк» ААК

• «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы

• «Салым Финанс» ОАО МФК

• «Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААК

• «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААК

• «ФинансКредитБанк» ААК

• «Элет-Капитал» МК ЖАК

•  «МФК AАК».

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Ишкерлер 18 банктан «Кепилдик фондунун» колдоосу менен насыя алса болот 16 февраля 2023 г.    16:38
Өткөн жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 млрд сом бөлүндү 16 февраля 2023 г.    15:27
Экономика министрлиги ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу планын айтты 16 февраля 2023 г.    14:46
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 26 млн сом чогултушту 16 февраля 2023 г.    14:15
Кыргызстанда акыркы элүү жылда мөңгүлөрдүн 20-30%га жакыны эрип кетти 16 февраля 2023 г.    12:18
Өткөн жылы кыргызстандыктар эң көп кредитти соода жана айыл чарба тармагына алышкан 16 февраля 2023 г.    12:04
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тармактык комитет жактырды 16 февраля 2023 г.    11:35
Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн 16 февраля 2023 г.    11:21
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери