Экономика министрлиги ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу планын айтты

Экономика министрлиги ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу планын айтты

Ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу планы тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 16-февралда 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландары боюнча ведомстволор аралык коллегиянын жыйынында билдиргенин «Кабар» маалымат агенттиги билдирди.

Министрдин айтымында, бул планды ишке ашыруу үчүн жалпы өнүктүрүү фондунан каражат тартылып, конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

«Өнүгүүнүн башкы көрсөткүчү — экономиканы 5%дан кем эмес өсүүсү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу. Бул багытта реалдуу секторду бекемдөө, өндүрүштүк, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынат. Ошол эле учурда импортко көз карандылыкты азайтуу аракеттери көрүлөт», — деди министр.


2022-жылы ИДП 919 млрд сомдон ашты — 7%га өстү

3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Экономика министрлиги ИДПны 1 трлн сомдон ашыруу планын айтты 16 февраля 2023 г.    14:46
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар 26 млн сом чогултушту 16 февраля 2023 г.    14:15
Кыргызстанда акыркы элүү жылда мөңгүлөрдүн 20-30%га жакыны эрип кетти 16 февраля 2023 г.    12:18
Өткөн жылы кыргызстандыктар эң көп кредитти соода жана айыл чарба тармагына алышкан 16 февраля 2023 г.    12:04
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тармактык комитет жактырды 16 февраля 2023 г.    11:35
Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн 16 февраля 2023 г.    11:21
Кыргызстанда доллардын базар баасы көтөрүлө баштады 16 февраля 2023 г.    10:28
Улуттук банк валюта рыногуна апта ичинде экинчи жолу интервенция менен чыкты — 35 млн доллар сатты 16 февраля 2023 г.    9:55
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери