Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тармактык комитет жактырды

Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тармактык комитет жактырды

Жогорку Кеӊештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарды каржылоону ишке ашырат.

Фондду башкарууну Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармасы ишке ашырат. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, азербайжан тараптын Фонддун уставдык капиталына салымы 25 млн долларды түзөт.

Макулдашуунун максаты — КР менен Азербайжандын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соода, инвестициялык жана финансылык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү, ошондой эле КРнын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо болуп саналат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тармактык комитет жактырды 16 февраля 2023 г.    11:35
Кыргызстан менен Түштүк Корея жалпы бюджети 21 млн долларды түзгөн үч биргелешкен борбор түзүшү мүмкүн 16 февраля 2023 г.    11:21
Кыргызстанда доллардын базар баасы көтөрүлө баштады 16 февраля 2023 г.    10:28
Улуттук банк валюта рыногуна апта ичинде экинчи жолу интервенция менен чыкты — 35 млн доллар сатты 16 февраля 2023 г.    9:55
USAID Кыргызстандагы ишкер айымдарды колдоого кошумча 2 млн доллар берет 16 февраля 2023 г.    9:41
КРда Эгемендүү фондун түзүүгө консультациялык жана методикалык жардам берүүнү эмираттан суранабыз — минкаб 16 февраля 2023 г.    9:31
Made in KYRGYZSTAN: Кыргызстандын лифттери Россияга экспортко даярдалууда 15 февраля 2023 г.    18:55
«Кудай өзүң сакта» деп жашагандан башка аргабыз жок — Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөр тууралуу 15 февраля 2023 г.    17:14
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери