Салык кызматы ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту

Салык кызматы ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салык кызматынын башчысы жолугушуунун катышуучуларына салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында ККМ, ЭТТК, ЭЭФ киргизүүнүн максаттарын жана милдеттерин, аларды ишкердик субъекттери колдонуу зарылдыгын кыскача түшүндүрүп, ошондой эле чогулгандардын суроолоруна жооп берди.

ЭТТК – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү унаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ экенин эскертти. Жөнөкөй сөз менен айтканда – бул ишкердин «виртуалдык кампасы».

«Башкача айтканда, мурда коомдук тамактануу жайлары жеткирүүчүлөр менен товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуп иштешкен, бирок кагаз түрүндө гана. Эми ушул эле коштомо кагаздар электрондук форматта гана колдонулушу керек», – деди Салык кызматынын төрагасы.

Мындан тышкары, коомдук тамактануу субъекттери тарабынан ЭТТКны колдонуунун кажети жок, эң негизги талап – «ЭТТК» системасынан каттоодон өтүү жана товарларды жеткирүүчүлөрдөн ЭТТКны кабыл алуу зарыл.

ККМди колдонууга байланыштуу маселелерди талкуулоо учурунда Салык кызматынын башчысы коомдук тамактануу жайларынын өкүлдөрүнөн ар бир кардарга кассалык чек берүүнү унутпоосун суранды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматы ресторан, кафелердин өкүлдөрү менен жолугушту 14 февраля 2023 г.    16:36
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон 14 февраля 2023 г.    15:58
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тамак-аш азыктарын маркировкалоого өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда 14 февраля 2023 г.    15:51
Баткенде 587 ишкерге жеңилдетилген кредит берилди 14 февраля 2023 г.    14:30
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандардарга кыргызстандыктар 14 млн сом чогултушту 14 февраля 2023 г.    14:10
МИК: ипотекага батир алууга 9.5 миң адам банкта кезекте турат 14 февраля 2023 г.    13:36
Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады 14 февраля 2023 г.    13:11
Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү — Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы 14 февраля 2023 г.    11:12
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери