Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү — Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү — Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новак кечээ, 13-февралда КР менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташуунун артыкчылыктуу маанисин баса белгилешет жана аны ургаалдуу күчөтүүгө умтулуусун билдиришет жана айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы тармактарында өз ара кызматташууну, анын ичинде Эркин экономикалык аймактардын ишмердиги жөнүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнү көздөшөт.

«Тараптар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн КР менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун жана кеңейтүүнүн тиешелүү механизми катары жогору баалашат.

Тараптар экономиканын өз ара кызыгууну жараткан артыкчылыктуу тармактарында маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Фонддун биринчи келечектүү биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу башталгандан кийин Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү маселесин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты. Тараптар Фонддун ишмердигинин алкагында айыл чарба, энергетика, туризм тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү колдошот.

Тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын колдошту, аны өткөрүү мөөнөтү кошумча макулдашылат, ошондой эле кыргыз-венгер Ишкерлер кеңешинин алкагында ишти улантууга макулдашышты.

Тараптар «Будапешт — Бишкек — Будапешт» багыты боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча ишти улантууну макулдашты. Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамынын ачылышы инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар КРнын жарандарынын Венгрияда ишке орношуусу үчүн шарттардын жеңилдетилгенине позитивдүү баа берүү, ошондой эле КРнын жана Венгриянын жарандарынын, анын ичинде эмгек ишмердиги менен алектенгендердин эки өлкөнүн аймактарында болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет.

Жапаров Венгриянын жетекчилигине, Венгриянын элине кыргыз делегациясына көрсөткөн меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Венгриянын президенти Каталин Новакты жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды жооп сапарлары менен КРга келип кетүүгө чакырды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү — Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы 14 февраля 2023 г.    11:12
«Кыргызстан – региондук бизнес – оазис» — Акылбек Жапаров жаңы улуттук программа тууралуу айтты 14 февраля 2023 г.    10:16
Бишкектен Сианьга жаңы авиакаттам ачылды 14 февраля 2023 г.    9:43
Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна дагы 40 млн доллар сатты 14 февраля 2023 г.    9:22
Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 4.2 млрд сом киреше тапты 13 февраля 2023 г.    17:55
Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг — 2022 13 февраля 2023 г.    17:24
ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн 13 февраля 2023 г.    17:02
Күн электр станциясын былтыры куруп баштады деген «Бишкек Солар» учурда жер маселесин чечип жатат 13 февраля 2023 г.    15:44
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери