Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон

Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык билим берүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 2022-жылы мекеме мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Прокурордук текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган банктык карталарына жалпы 1 млн 905 миң сом акча каражатын эмгек акы үчүн деп мыйзамсыз которушуп, ал карталардан акчаларды чыгарышып, өздөрүнүн пайдасына сиңирип жок кылышкандыгы тастыкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 1.9 млн сомду иштебеген жарандардын карталарына которгон 14 февраля 2023 г.    15:58
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тамак-аш азыктарын маркировкалоого өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда 14 февраля 2023 г.    15:51
Баткенде 587 ишкерге жеңилдетилген кредит берилди 14 февраля 2023 г.    14:30
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандардарга кыргызстандыктар 14 млн сом чогултушту 14 февраля 2023 г.    14:10
МИК: ипотекага батир алууга 9.5 миң адам банкта кезекте турат 14 февраля 2023 г.    13:36
Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады 14 февраля 2023 г.    13:11
Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү — Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы 14 февраля 2023 г.    11:12
«Кыргызстан – региондук бизнес – оазис» — Акылбек Жапаров жаңы улуттук программа тууралуу айтты 14 февраля 2023 г.    10:16
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери