Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады

Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Zhongtong 6105 маркасындагы 120 жаңы автобустун кыймыл чиймесин аныктаганын билдирди.

Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • №35 автобустук каттам (Батыш автобекети – Темир жол бекети – Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №48 автобустук каттам (Батыш автобекети — Чыгыш автобекети (айланма) узундугу — 18 км, аралыгы — 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча №214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р. – 110 квартал) узундугу 37.4 км, интервалы – 7 минута шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.
  • №42 автобустук каттам (12 к/р. — Ала-Тоо ж/к) узундугу — 49.6 км, аралыгы – 7 минута шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.
  • №7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р — Дача Достук) узундугу 40.7 км, аралыгы 7 минута шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108).

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан:

  • №31 автобус (Ынтымак ж/к — айланма) узундугу 34 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.
  • №49 автобус (Арча — Бешик ж/к – айланма) узундугу 24.2 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №50 автобус (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) узундугу 44 км, аралыгы 7 минута, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичиавтобусту алмаштырат.
  • №19 автобус (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) узундугу 34 км, аралыгы 7 минута күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт. 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Жогоруда аталган 54 бирдик санындагы автобустар 162 кичиавтобусту алмаштырат, бул шаардын экологиясына атмосферага зыяндуу чыгындылар боюнча олуттуу таасирин тийгизет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек шаарынын мэриясы 120 жаңы автобустардын кандай жүрөрүн аныктады 14 февраля 2023 г.    13:11
Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү — Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы 14 февраля 2023 г.    11:12
«Кыргызстан – региондук бизнес – оазис» — Акылбек Жапаров жаңы улуттук программа тууралуу айтты 14 февраля 2023 г.    10:16
Бишкектен Сианьга жаңы авиакаттам ачылды 14 февраля 2023 г.    9:43
Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна дагы 40 млн доллар сатты 14 февраля 2023 г.    9:22
Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 4.2 млрд сом киреше тапты 13 февраля 2023 г.    17:55
Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг — 2022 13 февраля 2023 г.    17:24
ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн 13 февраля 2023 г.    17:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери