Баткенде 587 ишкерге жеңилдетилген кредит берилди

Баткенде 587 ишкерге жеңилдетилген кредит берилди

2023-жылдын 1-январына карата Баткен облусунун 587 ишкердик субъектисине 484.63 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, министрлер кабинетинин «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоору бекитилген.

Долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансы каражаттары Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъекттерине берилген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери