«Демир Банк» инвесторлор менен бирге Каракөл ГЭСин курууну көздөөдө

«Демир Банк» инвесторлор менен бирге Каракөл ГЭСин курууну көздөөдө

«Демир Банк» чет элдик инвестор менен чогуу Каракөл кичи ГЭСинин курулушун баштоону көздөөдө. Бул тууралуу инвестициялык форумдун жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин «Кабар» агенттиги маалымдады.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, буга чейин Дүйнөлүк банк инвестор болот деп пландалып жаткан. Бирок долбоорду ратификациялоо процесси убакытты талап кылат.

«Өз кезегинде банктын башкармалыгы жана чет элдик инвестор чакан ГЭСтин курулушун 1.5-2 жылда бүтүрүүнү пландоодо», — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин КР Энергетика министрлиги Кара-Суу дарыясына кичи ГЭС курууга тендер жарыялоого даяр экенин билдирген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери