Жогорку Кеңеш Кыргызстандын товарларын арзан импорттон коргоо мыйзамын карады

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын товарларын арзан импорттон коргоо мыйзамын карады

Жогорку Кеңештин депутаттары «Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда карап, колдошту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов белгилегендей, мыйзам долбоору дүйнөлүк соода уюмунун алкагында эл аралык милдеттерди аткаруу, КР мыйзамдарын ЕАЭБ ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан жана КРнын товар өндүрүүчүлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн товардын импортунда атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга байланыштуу коомдук мамилелерди жөнгө салат.

Талкуу маалында депутат Дастанбек Джумабеков демпингге каршы чаралар тууралуу маселени көтөрдү. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясы атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча чечим кабыл алат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери