КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу КРУБын маалымат кызматы билдирди.
Андан сырткары, Жалал-Абад областы, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Октябрь көчөсү, н/ж (болжолу: «Элиза» базары, №1контейнер) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азамат-Ш» алмашуу бюросунун 2021жылдын 21-октябрындагы № 6213 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 10-февралынан 19-февралына чогуу алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.