Соода-өнөр жай палатасы өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен курулуш боюнча комитетин түздү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка жараша, комитеттин төрагалыгына «Эмарк групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовду дайындоо чечими кабыл алынып, ал кесиптештерин курулуш тармагынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди.
Ошондой эле тараптар курулуш тармагында пайда болгон маселелерди талкуулап, турак үйлөрдү куруунун сапаты маселесин козгошту.
«Түркиядагы жер титирөө бүткүл дүйнөлүк коомчулукту ойлонтту. Бул кайгылуу окуя бизди Кыргызстанда турак жайларды курууда кандай материалдар колдонулат деген ойго салды. Биз бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле жасап, нормаларды ак ниеттүүлүк менен аткарышыбыз керек. Ошону менен бирге, биз курулуш бизнеси үчүн аянтча түзүп, бардык маселелерди чогуу чечүүнү каалайбыз. Курулуш бизнеси ишкердик чөйрөсүндөгү флагмандардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө анын үлүшү ИДПнын 17% жетти. Бул абдан жакшы көрсөткүч, бирок өсө турган дагы көп жерлер бар, ал үчүн мыйзам чегинде бирге тоскоолдуктарды жоюу зарыл»,- деп белгиледи Темир Сариев.