СӨП президенти словениялыктарды Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

СӨП президенти словениялыктарды Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев словениялык делегацияга Кыргызстанда бизнес ачуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан бизнес форумда айтып берди, деп «Кабар» агенттиги маалымдады.

Сариев өткөн жылы Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү болгону $12.1 млн долларды түзгөнүн, бирок өсүү потенциалы бар экенин белгиледи.

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси ошондой эле Кыргызстандан дүйнөлүк рынокко экспорттоо мүмкүндүгүн, анын ичинде ВСП+ макамынын жана ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун артыкчылыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, бул факторлордун бардыгы 100% словениялык капитал менен ишканаларды түзүүгө – бул рынокторго товарларды жеткирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери