Мамлекеттик сатып алуулар системасы татаал бойдон калууда жана жетиштүү түрдө ийкемдүү эмес. Бул тууралуу минкабдын башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, сатып алууларга катышкан компаниялардын «жашыл» жана «кара» тизмесин түзүү зарыл.
«Мамлекеттик сатып алуулар системасы татаал бойдон калууда жана жетиштүү түрдө ийкемдүү эмес. Ошондой эле мамлекеттик сатып алууларга катышкан компанияларга талаптарды күчөтүп, мындай компаниялардын «жашыл» жана «кара» тизмесин түзүү зарыл. Акыркыларды тендерге катыштырбоо керек», — деп белгиледи Жапаров.
Ал 2023-жылдын 1-кварталынын соңуна чейин мамлекеттик сатып алуулар тутумун иретке келтирүүнү тапшырды.