Кыргызстан түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн 100 боз үй жөнөтөт

Кыргызстан түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн 100 боз үй жөнөтөт

Кыргызстан түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызмат билдирди.

Андан сырткары, кыргыз тарап биринчи учак менен 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери