Депутаттар БАЭ менен биргелешкен холдингди түзүүнү колдошту

Депутаттар БАЭ менен биргелешкен холдингди түзүүнү колдошту

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары биргелешкен холдингди түзүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Парламентте белгилегендей, ЖК жыйынында БАЭ Кыргызстанда биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоп беришти.

Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев биргелешкен холдинг компаниясынын уставдык фонду $100 млн түзөөрүн белгиледи. Тагыраагы, холдинг долбоорлорду нөлдөн баштап каржылоо, токтоп турган ишканаларды активдештирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо, насыя берүү аркылуу коммерциялык бизнес долбоорлоруна инвестиция салуу максатында иш алып барат.

Муну менен катар директорлор кеңеши 5 мүчөдөн, үчөө Эмират тараптан, экөө Кыргызстан тараптан болорун билдирди. Холдингдин кеңсеси Бишкек шаарында жайгашат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери