Баткен шаарында 3 тоннадан сырткары контрабандалык жемиштер кармалды. Бул тууралуу бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КР жараны «Г.Н.И.» башкаруусунда «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алынган. Унаанын жүк бөлүгүнөн 214 кутудан жаңы лимондор табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 1 391 кг түзгөн. Жүк бажылык тариздөөнү өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.
Ушул сыяктуу эле «Баткен» бажысынын КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан КР жараны «М.С.А.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган. Автотранспорттун жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 59 куту жаңы анарлар жана 10 куту өлчөмүндө жаңы лимондор табылган, кармалган жүктүн жалпы салмагы 1715 кг түзгөн.
2 факты боюнча топтолгон материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.