2022-жылы товарларды эсепке алуу пункттарынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө импорттоочулар ташып келүүчү товарларга электрондук түрдө 186 миң 935 коштомо кагазды тапшырышкан. Бул тууралуу Салык кызматынын коллегиялык отурумунда айтылды.
Берилген коштомо кагаздардын ичинен 164 миң 915 коштомо кагаз автомобиль транспорту менен, 18 миң 184 – темир жол транспорту менен жана 3 миң 836 – аба транспорту менен ташылып келинген товарлар боюнча болгон.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын январь айынан тартып товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн КР аймагына ташып келинген товарларды эсепке алууда «Жыйынды пост» маалыматтык системасы колдонулууда.