Кыргызстанда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда — Улуттук банк

Кыргызстанда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда — Улуттук банк

Акыркы убакта биздин өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда, бул биринчи кезекте сезондук факторлор менен шартталган. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштун катышына тышкы экономикалык кырдаал, биринчи кезекте соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү келечектери таасирин тийгизүүдө.

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында 2023-жылдын башынан 7-февралына чейин Улуттук банк жалпы 151.35 млн АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча эки жолу интервенция жүргүзгөн.

«Учурда валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. 2023-жылдын башталышынан 9-февралына чейин доллардын сомго карата расмий курсу 1.27%га жогорулап, 1 доллар 86.7700 сомду түздү.

Ошондой эле, өзгөрүлмө алмашуу курсунун саясаты алкагында АКШ долларынын улуттук валютага карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлүп, чет өлкө валютасынын суроо-талабы менен сунушунан көз каранды экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз», — дейт Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстанда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан артышы байкалууда — Улуттук банк 9 февраля 2023 г.    9:55
ЕРӨБ Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр 9 февраля 2023 г.    9:44
«Супара», Кочкор-Ата — Жаңы алынган тик учактар кайда учуп жатышат? 8 февраля 2023 г.    17:50
Августтан бери эми Бишкектен Баткенге туруктуу авиакаттамдар жанданды 8 февраля 2023 г.    17:47
Акылбек Жапаров: Ош шаарында таза ичүүчү суунун жоктугу — нонсенс 8 февраля 2023 г.    17:09
Ош шаары да келечекте Бишкек сыяктуу чоң айылга айланып калуу коркунучу бар — Акылбек Жапаров 8 февраля 2023 г.    16:52
Кыргызстандагы иш берүүчүлөр сунуштаган орточо айлык 32 миң сом – Head Hunter 8 февраля 2023 г.    16:21
Google for Startups кыргызстандык стартаптартарга акселерация программасына катышууга мүмкүнчүлүк берди 8 февраля 2023 г.    15:38
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери