Ош шаары да келечекте Бишкек сыяктуу чоң айылга айланып калуу коркунучу бар — Акылбек Жапаров

Ош шаары да келечекте Бишкек сыяктуу чоң айылга айланып калуу коркунучу бар — Акылбек Жапаров

Технологиялык өнүгүү доорунда Ош шаары өнүгүүдө болуп, ошол эле учурда тарыхый макамын сактап калуусу керек. Өлкөбүздүн борбору сыяктуу эле Ош шаары да келечекте чоң айылга айланып калуу коркунучу бар. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын 2022-жылкы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы, ошондой эле үстүбүздөгү жылга пландары каралган коллегияда билдирди.

Коллегияда Жапаров шаар куруунун деталдуу планын иштеп чыгуу боюнча иштерди кыска мөөнөттө бүткөрүү зарыл экенин айтты.

Минкабдын жетекчиси Ош шаарынын алдында маанилүү милдеттер тургандыгын билдирип, түштүктөгү борбордун үч негизги көйгөйлүү маселесине токтолду:

  • калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо
  • тыгындардын пайда болушуна алып келген транспорттук айрылыш жолдордун жоктугу
  • шаардын бюджетин пландаштыруу маселелери, бул өнүгүүнүн негизги багыттарынын приоритеттеринин жоктугуна алып келет.

«Шаардагы салык чогултуу борборго салыштырмалуу 10 эсеге аз, ал эми шаардын бюджети болгону 2.2 млрд сомду түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, Ош мамлекеттик университетинин бюджети 4.1 млрд сомду түзөт. Шаарда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Эң негизгиси, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү керек,», — деди ал.

Мындан тышкары, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаардык мэриясынын бир катар кызматкерлери мыкты иши үчүн сыйланып, муниципалитеттин бир нече кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Ош шаары да келечекте Бишкек сыяктуу чоң айылга айланып калуу коркунучу бар — Акылбек Жапаров 8 февраля 2023 г.    16:52
Кыргызстандагы иш берүүчүлөр сунуштаган орточо айлык 32 миң сом – Head Hunter 8 февраля 2023 г.    16:21
Google for Startups кыргызстандык стартаптартарга акселерация программасына катышууга мүмкүнчүлүк берди 8 февраля 2023 г.    15:38
Кумтөр акиташ чыгаруучу жана дөңгөлөктөрдү иштетүүчү завод курууну пландап жатат 8 февраля 2023 г.    15:17
Жогорку Кеңеш Кыргызстанга 30 млн доллар насыя алуу боюнча келишимди кабыл алды 8 февраля 2023 г.    13:51
Бишкек мэриясы кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотууну тапшырды — маршруткалар жакында жоголбойт 8 февраля 2023 г.    13:23
Муфтият кыргызстандыктардын ажы сапары үчүн авикомпанияларга кайрадан конкурс жарыялады 8 февраля 2023 г.    11:41
Бир күндө КФБда капитализация 5 млрд сомго төмөндөдү 8 февраля 2023 г.    11:23
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери