Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат

Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат

Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат. Бирок Кыргызстан аны 2026-жылдан баштап, 2040-жылга чейин иштетет.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөрүп, анда «Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралды.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК президенти Алмаз Барыктабасов заманбап технологияны колдонуу менен алтынды алып чыгуу максатында кендеги калдыктарды сактоочу жайдагы (хвостохранилище) калдыктарды кайра иштетүү пландары жөнүндө айтып берди.

2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3.5 млрд АКШ доллары деп бааланууда.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 17.3  тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32.1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30.1 млрд сом болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат 8 февраля 2023 г.    10:37
Кыргызстандык ишкерлер Москвада «Продэкспо» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда 8 февраля 2023 г.    10:01
Минкаб Кытайдан Чүй каналы-2 долбоорунун курулушун жазында баштоону суранды 8 февраля 2023 г.    9:43
Өткөн жылы Кытайдан келген импорттук товарлардын баасы 3.6 млрд долларды түздү 8 февраля 2023 г.    9:24
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга акча чогултуу үчүн «Айыл Банкта» эсеп ачылды 7 февраля 2023 г.    17:50
«Кыргызиндустрия» «Кыргызтопчуга» 100 млн сом инвестиция салууну пландап жатат 7 февраля 2023 г.    16:38
Жаратылыш ресурстары министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар насыя алды 7 февраля 2023 г.    15:42
Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр — Казакбаев 7 февраля 2023 г.    14:57
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери