Google for Startups кыргызстандык стартаптартарга акселерация программасына катышууга мүмкүнчүлүк берди

Google for Startups кыргызстандык стартаптартарга акселерация программасына  катышууга мүмкүнчүлүк берди

Казакстан Борбор Азиядагы Google for Startups глобалдык компаниясы менен биргеликте Silkway акселераторун ишке киргизген биринчи жана жалгыз өлкө. Алардын биргелешкен программасынын былтыркы эки агымынын натыйжалуулугун жана күчтүү көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, Google for Startups 2023-жылы Astana Hub менен эксклюзивдүү өнөктөштүгүн улантууну чечкен.

Натыйжада, Кыргызстандын IT стартаптарына да Silkway Accelerator программасынын үчүнчү агымына катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу Limon.kg порталы билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылы жалпысынан программага катышуу үчүн технологиялык долбоорлордон 567 өтүнмө берилген. Алардын 30у тандоодон ийгиликтүү өтүп, 25и программанын жүрүшүндө кирешелерин көбөйтүп, жаңы рынокторго чыгышкан.

«Silkway Accelerator программасынын үчүнчү агымы 2023-жылдын мартында башталат, окуу Астанада оффлайн форматында бекер өткөрүлөт жана үч айга созулат. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Грузиядан Product/Market Fit, Scale этаптарында IT стартаптарынан арыздар 17-февралга чейин кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар мастер-класстарга жана Google компаниясынын мыкты эксперттеринен, Astana Hubтын тажрыйбалуу трекерлеринен жана насаатчыларынан, ошондой эле PR колдоосуна ээ болушат. Үчүнчү агымдын жыйынтыгында Demo Day уюштурулуп, анда стартап-долбоорлор жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго презентацияларды жасашат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандагы иш берүүчүлөр сунуштаган орточо айлык 32 миң сом – Head Hunter 8 февраля 2023 г.    16:21
Google for Startups кыргызстандык стартаптартарга акселерация программасына катышууга мүмкүнчүлүк берди 8 февраля 2023 г.    15:38
Кумтөр акиташ чыгаруучу жана дөңгөлөктөрдү иштетүүчү завод курууну пландап жатат 8 февраля 2023 г.    15:17
Жогорку Кеңеш Кыргызстанга 30 млн доллар насыя алуу боюнча келишимди кабыл алды 8 февраля 2023 г.    13:51
Бишкек мэриясы кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотууну тапшырды — маршруткалар жакында жоголбойт 8 февраля 2023 г.    13:23
Муфтият кыргызстандыктардын ажы сапары үчүн авикомпанияларга кайрадан конкурс жарыялады 8 февраля 2023 г.    11:41
Бир күндө КФБда капитализация 5 млрд сомго төмөндөдү 8 февраля 2023 г.    11:23
Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайдагы калдыктар иштетилсе, жыл сайын 4.7 тоннадай алтын алынат 8 февраля 2023 г.    10:37
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери