Өткөн жылы алкоголдук продукцияга эң көп акциз салыгын «АЮ» ЖЧК төлөдү

Өткөн жылы алкоголдук продукцияга эң көп акциз салыгын «АЮ» ЖЧК төлөдү

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 млрд 780 млн сом акциз салыгын чогулткан. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 86%га көп. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүүнүн эсебинен акциз салыгынын түшүүсү өскөн.

Ошондой эле, идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура сыяктуу салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, ошондой эле акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоор өз натыйжаларын берген.

Мындан тышкары, 2022-жылы алкоголдук продукциянын негизги өндүрүүчүлөрүнөн акциз салыгынын түшүүсү 2021-жылга салыштырмалуу 5 эсеге өскөн жана алардын сап башында «АЮ» ЖЧК турат.

  • «АЮ» ЖЧКдан 539.9 млн сом акциз салыгы түшкөн, 2021-жылы бул сумма 374 млн сомду түзгөн
  • «Столичный винно-водочный завод» ЖЧК – 395.8 млн сом (2021-жылы 124.7 млн)
  • «Абдыш-Ата» ЖЧК – 280.9 млн сом (2021-жылы 197 млн)
  • «Кыргыз Коньягы» ЖЧК – 110.9 млн сом (2021-жылы 78.1 млн)
  • «Одекс» ЖЧК – 102.4 млн сом (2021-жылы 19,5 млн сом).

Июль айынан баштап маркаланбаган сыра продукциясын сатууга тыюу салынат

Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташыгандар товарынан да, транспортунан да айрылышат — Салык кызматы

Бишкекте алкоголдук продукцияга сыйымдуулугунан аз көрсөтүлгөн акциздик маркалар чапталып жүргөнү аныкталды

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Өткөн жылы алкоголдук продукцияга эң көп акциз салыгын «АЮ» ЖЧК төлөдү 7 февраля 2023 г.    13:55
Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок — ТИМ 7 февраля 2023 г.    12:00
БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет 7 февраля 2023 г.    11:45
Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты 7 февраля 2023 г.    11:30
Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү 7 февраля 2023 г.    11:04
Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда 7 февраля 2023 г.    10:25
Улуттук банк февраль айындагы биринчи интервенциясын жүргүздү — 47.1 млн доллар сатты 7 февраля 2023 г.    9:45
«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты 7 февраля 2023 г.    9:07
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери