Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок — ТИМ

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок — ТИМ

КРнын Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, Адана шаарында 1984-жылы туулган КРнын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал жарандын абалы канааттандырарлык; учурда ал ооруканадан чыгарылды.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы КРнын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок — ТИМ 7 февраля 2023 г.    12:00
БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет 7 февраля 2023 г.    11:45
Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты 7 февраля 2023 г.    11:30
Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү 7 февраля 2023 г.    11:04
Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда 7 февраля 2023 г.    10:25
Улуттук банк февраль айындагы биринчи интервенциясын жүргүздү — 47.1 млн доллар сатты 7 февраля 2023 г.    9:45
«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты 7 февраля 2023 г.    9:07
Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды 6 февраля 2023 г.    17:13
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери