Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр — Казакбаев

Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр — Казакбаев

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ал жака барган кыргызстандыктар консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандар менен түз байланыш жок экенин билдирди. Ошондой эле кыргызстандыктарды ал аймактарда болушу мүмкүн болгон туугандары, достору жана тааныштары менен байланышууга чакырды.

Анын айтымында, консулдук юридикалык жардам жана консультацияларды көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлүп, анын алкагында ишеним телефондору иштеп жатат.

«Тилекке каршы, Түркияда жашаган КРнын көптөгөн жарандары Кыргызстандын консулдук мекемелеринде каттоого турбагандыктан, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардагы мекендештерибиздин саны боюнча так маалыматыбыз жок. Кахраманмараш, Газиантеп, Адана, Малатия, Хатай, Османие, Мерсин, Адияман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Килис сыяктуу эң катуу кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен түз байланышыбыз жок.

Ушуга байланыштуу жарандарыбыз менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Жабыркаган аймактарда болушу мүмкүн болгон туугандарыңыз, досторуңуз жана тааныштарыңыз менен байланышыңыз жана жардам керек болгондордун байланыш маалыматтарын бизге бериңиздер», — дейт Казакбаев.

Түркиядагы өкүлчүлүктөргө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

  • КРнын Түркиядагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507
  • КРнын Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551
  • КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр — Казакбаев 7 февраля 2023 г.    14:57
Кыргызстанга келчү германиялык инвесторлорго мамлекеттин кепилдиги маанилүү — Умбриэль Темиралиев 7 февраля 2023 г.    14:36
Өткөн жылы алкоголдук продукцияга эң көп акциз салыгын «АЮ» ЖЧК төлөдү 7 февраля 2023 г.    13:55
Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок — ТИМ 7 февраля 2023 г.    12:00
БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет 7 февраля 2023 г.    11:45
Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты 7 февраля 2023 г.    11:30
Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү 7 февраля 2023 г.    11:04
Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда 7 февраля 2023 г.    10:25
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери