Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты

Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча диалог болуп, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытайга каттаган эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүү шартын карап чыгууну талкуулашкан.

«Учурда Кыргызстандын 1500дөй айдоочусу визага муктаж. Ошондой эле Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь 2023-жылдын 30-январынан тартып визага документтерди кабыл алууну дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү кабыл алып баштагандыгын баса белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алышып, эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты 7 февраля 2023 г.    11:30
Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү 7 февраля 2023 г.    11:04
Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда 7 февраля 2023 г.    10:25
Улуттук банк февраль айындагы биринчи интервенциясын жүргүздү — 47.1 млн доллар сатты 7 февраля 2023 г.    9:45
«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты 7 февраля 2023 г.    9:07
Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды 6 февраля 2023 г.    17:13
БАЭ менен биргелешкен холдингдин директорлор кеңешине эки министрликтин өкүлү кирет 6 февраля 2023 г.    16:30
Кыргызстан БАЭ менен чогуу түзө турган холдингдин уставдык капиталына 2.5 млн доллар берет 6 февраля 2023 г.    16:05
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери