Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Кыргызстан менен Венгрия Бишкек — Будапешт багыты боюнча түз авиакаттамдарды ачуу боюнча келишимге кол коюуну ниеттенип жатат. Бул тууралуу 6-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев билдирди.

Настаевдин айтымында, өлкө бул долбоорду мурда эле ишке ашыргысы келген, бирок Украинадагы согуштан улам кийинкиге жылып келген. Азырынча келишим Украина менен Россия аркылуу кыска жол менен эмес, Кавказ өлкөлөрү менен Грузия аркылуу өтүү каралууда.

«Азыр биз Кутаиси же Тбилиси аркылуу өтүүчү каттамдын үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Биз каттамды ишке ашырууга грузин тараптын уруксатын күтүп жатабыз», — деди Настаев.

Аталган аба каттамдын оператору венгриялык Wizz Air болушу мүмкүн. Кыргызстан аны бир нече жылдан бери учурууга аракет кылып келет. Ошондой эле МЖААнын жетекчиси Бишкектен Будапештке билеттердин болжолдуу баасын да ачыктады.

«Бул компаниянын (Wizz Air) тарифтери өтө төмөн. Тариф 150-160 доллар деңгээлинде болот. Бул болжолдуу баалар», — деди ал.


Будапешт – Бишкек түз аба каттамдары ачылат

Литва венгриялык Wizz Air авиакомпаниясы менен Вильнюс – Бишкек түз аба каттамын ачууну көздөөдө

Венгриянын Wizz Air компаниясы Кыргызстанда аба хабын ачууну пландаштырууда

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда 7 февраля 2023 г.    10:25
Улуттук банк февраль айындагы биринчи интервенциясын жүргүздү — 47.1 млн доллар сатты 7 февраля 2023 г.    9:45
«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты 7 февраля 2023 г.    9:07
Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды 6 февраля 2023 г.    17:13
БАЭ менен биргелешкен холдингдин директорлор кеңешине эки министрликтин өкүлү кирет 6 февраля 2023 г.    16:30
Кыргызстан БАЭ менен чогуу түзө турган холдингдин уставдык капиталына 2.5 млн доллар берет 6 февраля 2023 г.    16:05
Салык кызматы өткөн жылы төлөнбөй калган 20 млрд сомду ачыкка алып чыкты 6 февраля 2023 г.    14:27
Кепилдик фонду кепилдикти эң көп айыл чарба, соода, курулуш жана транспорт тармактарына берген 6 февраля 2023 г.    14:21
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери