Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү

Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү

Кечээ, 6-февралда жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти.

«Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары, урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы. Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар», — дейт ӨКМ.

Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү 7 февраля 2023 г.    11:04
Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда 7 февраля 2023 г.    10:25
Улуттук банк февраль айындагы биринчи интервенциясын жүргүздү — 47.1 млн доллар сатты 7 февраля 2023 г.    9:45
«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты 7 февраля 2023 г.    9:07
Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды 6 февраля 2023 г.    17:13
БАЭ менен биргелешкен холдингдин директорлор кеңешине эки министрликтин өкүлү кирет 6 февраля 2023 г.    16:30
Кыргызстан БАЭ менен чогуу түзө турган холдингдин уставдык капиталына 2.5 млн доллар берет 6 февраля 2023 г.    16:05
Салык кызматы өткөн жылы төлөнбөй калган 20 млрд сомду ачыкка алып чыкты 6 февраля 2023 г.    14:27
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери