«Кыргызиндустрия» «Кыргызтопчуга» 100 млн сом инвестиция салууну пландап жатат

«Кыргызиндустрия» «Кыргызтопчуга» 100 млн сом инвестиция салууну пландап жатат

«Кыргызиндустрия» ААК жылына 50 млн топчу чыгара турган «Кыргызтопчу» ЖЧКсын ишке киргизүүгө даярданып жатат. Бул үчүн учурда Бишкектеги штамптоочу заводдун №16 цехинин имараты оңдолууда.

Керектүү техникалар алынып келинип түшүрүлгөнү маалымдалды. Ал оңдоо иштери аяктагандан кийин дароо орнотулат.

«Импорттук тигүү фурнитураларын, тагыраак айтканда, топчу менен камсыздоо максатында, Кыргызстанда топчу чыгаруучу өндүрүштү ишке киргизүү сунушталууда. Топчу чыгарчу цехтин курулушу ата мекендик тигүү ишканаларын сапаттуу жана керектүү топчу түрлөрү менен камсыз кылып, өндүрүмдүүлүктү, тигүү продукциясын экспорттоону жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-2020-жылдары башка өлкөлөрдөн келген тигүү аксессуарларынын көлөмү (тонна менен) 58%га өскөн, бул импорттун көбөйгөнүн айгинелейт. Кыргызстандык өндүрүшчүлөр кездемелерди жана тигүү буюмдарын негизинен Кытайдан же Түркиядан алышат.

Топчу цехинин өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 50 млн даанага чейин жетмекчи. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Кыргызиндустрия» ишканасы 100 млн сом өлчөмүндөгү каражатты инвестициялоону пландаштырууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
«Кыргызиндустрия» «Кыргызтопчуга» 100 млн сом инвестиция салууну пландап жатат 7 февраля 2023 г.    16:38
Жаратылыш ресурстары министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар насыя алды 7 февраля 2023 г.    15:42
Түркиядагы кыйроо болгон шаарлардагы жарандарыбыз менен байланышууга көмөк көрсөтүңүздөр — Казакбаев 7 февраля 2023 г.    14:57
Кыргызстанга келчү германиялык инвесторлорго мамлекеттин кепилдиги маанилүү — Умбриэль Темиралиев 7 февраля 2023 г.    14:36
Өткөн жылы алкоголдук продукцияга эң көп акциз салыгын «АЮ» ЖЧК төлөдү 7 февраля 2023 г.    13:55
Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок — ТИМ 7 февраля 2023 г.    12:00
БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет 7 февраля 2023 г.    11:45
Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты 7 февраля 2023 г.    11:30
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери