БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет

БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет

Кечээ, 6-февралда алдыңкы Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Бишкекке келишти. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Алардын сапарынын максаты — биргелешкен кызматташуунун мындан аркы пландарын аныктоо, атап айтканда, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү менен байланыштарды түзүү болуп саналат.

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 20-мартында БАЭден келе турган 20дан ашык ишкерлер менен бизнес жолугушуу өткөрүү пландалууда.

БАЭден келчү бизнес-делегациянын курамына КРдан азык-түлүк товарларын импорттоого кызыкдар болгон ири дистрибьютор компаниялары, логистика, ошондой эле өнөр жай ишканалары, анын ичинде медицина тармагындагы ишканалар кирет.

  • Кыргызстандагы кызыкдар компаниялар БАЭден келген ишкерлер менен бизнес жолугушууга катышуу үчүн ушул жылдын 10-мартына чейин elida.bazarbaeva77@gmail.com электрондук почтасы аркылуу катталса болот.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
БАЭнин ири компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга ишкерлер менен жолугууга келишет 7 февраля 2023 г.    11:45
Кытай менен КР жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкуулашты 7 февраля 2023 г.    11:30
Кыргызстан 63 куткаруучусун жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөттү 7 февраля 2023 г.    11:04
Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда 7 февраля 2023 г.    10:25
Улуттук банк февраль айындагы биринчи интервенциясын жүргүздү — 47.1 млн доллар сатты 7 февраля 2023 г.    9:45
«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты 7 февраля 2023 г.    9:07
Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды 6 февраля 2023 г.    17:13
БАЭ менен биргелешкен холдингдин директорлор кеңешине эки министрликтин өкүлү кирет 6 февраля 2023 г.    16:30
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери