Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин жыйынында учурда өлкөдө «Жашыл Мурас» улуттук программасы, ошондой эле «Жашыл Кыргызстан» программасы ишке ашырылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы 8 млн көчөт отургузулган, 2023-жылы 8.5 млн, 2024-жылы 9 млн, 2025-жылы 9.5 млн даана көчөт отургузуу пландалууда.
«Жалпысынан 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда, анын ичинен ар кандай табигый шарттарды эске алганда 70 миллионго жакыны толук кандуу өсүп кетүүсүү болжолдонууда», — деди Кутманова.
Белгилей кетсек, 3-февралдагы «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин «Жашыл Кыргызстан» экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө 2022-жылдын 17-мартындагы №137-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулган.