Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды

Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды

УКМК Баткен облусунун аймагындагы аткезчилерден 4 миңден ашык телевизор, 3 миңден ашык уюлдук телефон, 2.5 тонна жез, накталай акча жана башка көптөгөн нерселерди тапты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы 2023-жылдын
3-февралында Кадамжай районунун аймагындагы коңшу өлкөлөргө товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен алектенген адамдарга тиешелүү 20 даректе тинтүү иштерин жүргүзгөн.

Натыйжада, КР жарандары Э.Ш.Н., А.Н.А., С.С.А. жана А.Т.К.га тиешелүү даректерде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2.5 тонна түстүү металл (жез), 11 миң 220 АКШ доллары жана 504 миң сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн долларга жакын башка керектөө товарлары алынган.

Учурда товардын баасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Баткенде баасы 1 млн доллардан ашкан контрабандалык товар кармалды 6 февраля 2023 г.    17:13
БАЭ менен биргелешкен холдингдин директорлор кеңешине эки министрликтин өкүлү кирет 6 февраля 2023 г.    16:30
Кыргызстан БАЭ менен чогуу түзө турган холдингдин уставдык капиталына 2.5 млн доллар берет 6 февраля 2023 г.    16:05
Салык кызматы өткөн жылы төлөнбөй калган 20 млрд сомду ачыкка алып чыкты 6 февраля 2023 г.    14:27
Кепилдик фонду кепилдикти эң көп айыл чарба, соода, курулуш жана транспорт тармактарына берген 6 февраля 2023 г.    14:21
Быйыл 8.5 млн көчөт отургузуу пландалууда 6 февраля 2023 г.    13:24
Улуттук банк соцтармактар аркылуу банктын атынан келген билдирүүлөр жалган экенин эскертет 6 февраля 2023 г.    11:54
Бишкекте бензин дээрлик 5 сомго арзандады — Монополияга каршы кызматы 6 февраля 2023 г.    11:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери