Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыкты. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өскөн.
«2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», — деди Эдил Байсалов.
Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.