Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь айында 17 млрд 854.2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 883.3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4.2 млрд сомго көп жыйналган.
«Анын ичинде 13 млрд 204.7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 193.8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 2.9 млрд сомго көп», — деп айтылат маалыматта.
Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 4 млрд 649.5 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 689.5 млн сомго көп жыйналды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1.3 млрд сомго көп.