Россияга КРнын товарларын сатууга онлайн аянтча түзүлдү – Кыргызстандан жеткирүүчүлөрдү издешүүдө

Россияга КРнын товарларын  сатууга онлайн аянтча түзүлдү – Кыргызстандан жеткирүүчүлөрдү издешүүдө

Кыргызстандагы релоканттар КМШдагы биринчи ыңгайлуу платформаны түзүштү, анда Кыргызстандык жеткирүүчүлөр россиялык компаниялар менен келишим түзүп, товарларын жөнөтө алышат. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына сайттын түзүүчүлөрү билдирди.

Алардын айтымында, орус рыногу азыр башка өлкөлөрдүн товарларына абдан муктаж болуп турат. Долбоордун максаты — россиялык компанияларга интернеттен КМШдан ишенимдүү жеткирүүчүлөрдү табууга жана алар менен жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жардам берүү болуп эсептелет.

«Сервистин ичинде эки тарап тең жеткирүүнүн бардык этаптарын – таңгактоодон баштап, бажылык тариздөөдөн өткөрүүгө чейин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биз жеткирүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан комиссия албайбыз, алар үчүн агрегаторду колдонуу бекер», — деп билдиришти иштеп чыгуучулар.

Каттоодон өткөндөн кийин кыргызстандык жеткирүүчү дүңүнөн жеткирүү үчүн потенциалдуу кардарлардын жүздөгөн арыздарына мүмкүнчүлүк алат. Эгерде эки тарап сунуштун шарттары жана реквизиттери боюнча макулдашса, алар келишим түзүп, өзүнчө кеңседе документтерин алмаштырышат. Ошондой эле ал жерде өз продукцияңызды жайгаштырып, аларга дүңүнөн буйрутмаларды ала турган ыңгайлуу маркетплейс бар.

«Биз Россиядагы потенциалдуу кардарлардын кеңири маалымат базасын чогулттук. Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү жана импорттоочулары жаңы кардарларды тез таба алышат. Азыр биз долбоорду иштеп чыгуу үчүн ишенимдүү камсыздоочуларды издөөнүн активдүү стадиясында турабыз, ошондуктан биз өз кызматыбызды бекер колдонууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз, ошондой эле агрегатордун мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүү жана жаңы деңгээлге чыгууга жана дүңүнөн соода кылууга жеке жардам беребиз», — дешет алар.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Россияга КРнын товарларын сатууга онлайн аянтча түзүлдү – Кыргызстандан жеткирүүчүлөрдү издешүүдө 2 февраля 2023 г.    9:54
Дүйнөлүк банк министрлер кабинетине Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция тартуу механизмдерин айтып берди 2 февраля 2023 г.    9:20
Өткөн жылы товарларды маркалоого дээрлик 400 млн код берилди 2 февраля 2023 г.    9:05
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери