Мамлекет акциялардын 28%ы тиешелүү болгон Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунан ушунча жылдан бери бир тыйын дагы дивиденд алган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
Бакировдун айтымында, «Каприздин» башка акционерлери банктардан кредит алып алышкан.
«Ошол банктын кредитин жабабыз деп пайда көрсөтпөйт. Ошондуктан мамлекеттин үлүшүн сатып алгыла деп менчиктештирүүгө киргизип жатабыз», — деди мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.
Ошондой эле Бакиров аны баасы бар учурунда сатып жиберген туура экенин белгиледи.
ММБФ мамлекетке таандык «Керемет банктын» 7% акциясын сатууну пландап жатат
«Мега» уюлдук операторун баасы кымбат учурунда сатканыбыз жакшы — ММБФ
«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды — ММБФ
Кепилдик фондунун 14% үлүшү сатыкка коюлуп, бирок кардар чыккан жок — ММБФ
Новый глава «Керемет Банка» оказался братом члена правления Нацбанка