Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жарандары үчүн чет мамлекеттерге визасыз сапарларды кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Бахрейн, Ливан жана Мальдив аралдары менен КРнын жарандары үчүн визалык талаптарды алып салуу жөнүндө төрт келишимге кол коюлган. Учурда бул макулдашууларды күчүнө киргизүү боюнча процедуралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Доминикан Республикасы менен келишим түзүлүп жатат.
Бирок ТИМ Греция жана Таиланд менен келишимге кол коюуга даяр экенин жана Бельгия, Голландия, Люксембург, Словакия, Египет менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн гана визасыз режим жөнүндө макулдашуунун үстүндө активдүү иштеп жатышканын билдирди.
2022-жылы ТИМдин сунушу менен дипломатиялык паспорт берүү боюнча кызмат орундарынын тизмеси 35 орундан 13 орунга, кызматтык паспорт боюнча 77 орундан 60 орунга кыскарган. Бул чара башка нерселер менен катар КРнын сүйлөшүү позициясын бекемдөө максатында кабыл алынган.
Эске салсак, чет мамлекеттерге, анын ичинде Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) алкагында визасыз режимди киргизүүнүн маанилүү талабы биометрикалык паспорттордун болушу болуп саналат.