Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Жапаров республика үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы долбоорлордун артыкчылыктуу экендигин белгиледи.
«Өз кезегинде Навид Хасан Накви энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар менен жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржылоону тартуунун мүмкүн болгон механизмдери тууралуу айтып берди», — деп айтылат минкабдын билдирүсүндө.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ири долбоорлорду ишке ашыруу иретинде өлкөнүн энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн Суу форумун жана Инвестициялык форумду өткөрүү маселелерин да талкуулашты.