Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан жарандарга ыктыярдуу жардам катары 349 млн сом чогулган. Учурда андан 161 млн сом иштетилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө калкты колдоого келип түшкөн ыктыярдуу каражаттарды топтоо жана максаттуу бөлүштүрүү үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казынасында жана «РСК Банк» «Айыл Банк» коммерциялык банктарында улуттук жана чет элдик валютада атайын эсептер ачылган.
«Жалпысынан 349 млн сом түшкөн. Бүгүнкү күндө атайын эсепте 188 млн сом калдык бар», — дейт министрлик.
Белгилей кетсек, чыгымдарды президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жүргүзгөн.